Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы 572 жаранды кабыл алды
Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы 572 жаранды кабыл алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды кабыл алууда. Анда Базар-Коргон, Ала-Бука, Тогуз-Торо РИИБинин кызматкерлери айылдарды кыдырып, жарандарга юридикалык кеңештерин беришти. Муну менен катар жайлоого мал жандыктары айдалып жаткандыгына байланыштуу мал ууруларынан этият болуу керектигин эскертишти.
Аталган көчмө кабылдама ушул жылдын 4 айында 350 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 572 жаранды кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.