Курмантай Абдиев "түндүк-түштүк кошумча унаа жолу курулса, Нарындын картошкасы Фергана өрөөнүнө сатыла баштайт" деди

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 28-ноябрда түндүк-түштүк кошумча унаа жолун курууга байланышкан мыйзам долбоорун колдошту. Жол 3 этап менен 5 жылдын ичинде курулуп бүтмөкчү. Биринчи этабы үчүн акча даяр экенин транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирди. Депутаттардын дээрлик баары бул долбоорду колдошту. Курмантай Абдиев бул жол курулуп калса, Нарындын картошкасын Фергана өрөөнүнө жеткирүүгө жол ачыла турганын айтты. “Картошканы Бишкекке алып келип, кайра Казакстанга чыгарбай калабыз. Фергана өрөөнү деле картошкага муктаж, кубануу менен сатып алат”,- деди депутат.
Айта кетсек, түндүк-түштүк жолу Кытайдан алган 400 миллион доллар жеңилдетилген насыянын эсебинен курулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

