Коргоо министрлигинин жетекчилеринин бири мас абалында жол кырсыгына кабылды
Коргоо министрлигинин жетекчилеринин бири мас абалында жол кырсыгына кабылган видео жарыяланды.
Андан эки унаа жеңил жол кырсыгына кабылганын, тактап айтканда бир унаа экинчисин аркасынан келип сүзүп алганын көрүүгө болот.
kaktus.media басылмасынын жазганына караганда, мас абалында жол кырсыгына себепкер болгон адам Коргоо министрлигинин тарбиялык иштерди алып барган башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирбек Казымбеков.
Ошондой эле видеодон айдоочу мас деп айыптап жатканын угууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.