Асылбек Жээнбеков Латвиянын Сейминин төрагасына Рига шаарындагы кырсыктуу окуяга байланыштуу көңүл айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Латвиянын Сейминин төрагасы Солвите Аболтиняга “Maxima” соода борборундагы 50дөн ашык адам каза тапкан кырсыктуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Көңүл айтуунун тексти:
“2013-жылдын 21-ноябрында Рига шаарындагы “Maxima” соода борборундагы адам өлүмү коштолгон кырсыктуу окуя тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан жакындарынын ажыраган адамдарга көңүл айтам. Жабыр тарткан адамдардын тезинен сакайып кетишине тилектешмин”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

