"Кайыгы оодарылып кеткен". Көкөмерен суусу 40 жаштагы кишини агызып кетти
Көкөмерен суусу 40 жаштагы эркек кишини агызып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына изделип жаткан адамдын жакындары билдиришти.
"Бакир Исаков аттуу 40 жаштагы жаран Суусамыр өрөөнүндөгү Көкөмерен суусуна агып кетти. 3 күндөн бери табылбай жатат. ӨКМдан 30 киши, тургундардан 60 киши келип издеп жатат. Анын аты аралга өтүп кеткен, атты ӨКМнын бир кызматкери менен алып чыгууга аракет кылышкан. Бирок экөө бараткан кайык оодарылып кетип, ӨКМнын кызматкери суудан чыгып, ал эми Бакир Исаков агып кеткен. Суу аябай чоң болгондуктан табылбай жатат". - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.