super.kg logo

"Эки сутка жаткан". Сузакта аралда калган жаран куткарылды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дарыянын ортосундагы аралда калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан суу Арал айылынан агып өткөн Кара-Дарыя дарыясына куят.

Дарыянын тушундагы Кундузчу тилкесинде суунун деңгээли көтөрүлүп, адамдар өтө алгыс кырдаал түзүлгөн. Суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда дарыянын ортосундагы аралда күрүч эгип жүргөн адам калып калган. Окуя 11-майда орун алып, ӨКМга 12-май күнү куткаруу тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМдан 11 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кайык менен 60 жаштагы А.Н. аттуу жаранды жээкке алып келишкен. Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүп берилген. Учурда абалы жакшы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: