Жалал-Абадда "Тазалык" ишканасына таштанды жыйноочу унаа берилди



Бүгүн, 13-майда "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесине GAZonNEXT үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу жаңы унаа берилди.
Шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришкендей, унаанын ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.
"Аталган унаа "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин өз каражатына, тагыраагы атайын эсептеги үнөмдөлгөн 3 миллион 685 миң сом акча каражатына сатып алынды" деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине жакында эле облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 унаа сатып алынган. Ал эми алдыда "Жаратылышты өнүктүрүү" фонду тарабынан дагы 4 таштанды жыйноочу унаа келээри күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.