super.kg logo

Эдил Байсалов Бишкектеги университеттердин иши менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов КМТУнун бир катар лабораторияларын көрүп чыкты, маалымат борборлорун жана кафедраларын кыдырып, студенттер менен баарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары КМТУнун жана КМКАТУнун профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушууда окуу процессин сынга алып, бүтүрүүчүлөрдүн учурдагы билими жана ЖОЖдордун окуу программалары экономиканын жана рыноктун заманбап талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, университетти өлкөдөгү өндүрүштү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө күчтүү импульс бере ала турган инженерлерди чыгара турган “мыктылардын борборуна” айландыруу керек.

Өз кезегинде Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев Эдил Байсаловго университеттин акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, ошондой эле окуу жайга караштуу институттар менен маданий-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары университеттердин ректораты менен окутуучуларын студенттерди окутуу процессин жана алардын жашоосун өзгөртүү, ошондой эле алардын атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу жана алган билимдеринин сапатын жогорулатуу максатында кардиналдуу чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго тапшырууда педагогикалык жана инженердик-техникалык адистиктерге артыкчылык берүүгө чакырган маалыматтык кампанияны ишке ашырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: