super.kg logo

Ак-Ордо-3 конушундагы жер боюнча чыр: Милиция бул боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Ак-Ордо-3 конушундагы 520-контурдун башчысы жана жөнөкөй жарандын ортосундагы чыр боюнча маалымат чыккан. Анда бири экинчисине арыз жазгандыгы айтылат. Бул маалыматты Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-мартта Сокулук РИИБине 1963-жылы туулган С.А. аттуу жаран кошунасы К.М. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызда 26-мартта саат болжол менен 20:30 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун 520-контурунан жабырлануучуга кошунасы жаман сөздөрдү айтканы маалымдалган.

Бул факты Сокулук РИИБинин маалыматтык каттоо журналына катталган. Иштин бардык жагдайларын тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Андан соң чогултулган материалдардын негизинде тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарган.

Эскерте кетсек, өткөн жылы президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолуккан. Анда президент мыйзамсыз басып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырып, тез арада конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү тапшырмасын берген. Бирок Ак-Ордо-3 конушунун Зайнидин-Ата көчөсүнүн айрым тургундары 520-контурдун квартал башчысы Алмагүл Сейитбекова жер тилкелерин каттоодо мыйзамсыз документтерди сурап, анын үстүнөн акча жасап жатканын айтып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: