super.kg logo

Борбор калаада жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков эскерилди (сүрөт)

 

Бүгүн, 14-майда белгилүү жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековду адабиятчылар, окурмандар жана урпактары эскеришти.

Эскерүү иш-чарасына жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, белгилүү адабиятчылар Эсентур Кылычев, Үмүт Култаева, Аида Эгембердиева жана башкалар катышты.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1928–1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.

1931–1936-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жылдары. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-жылдары Кыргызмамбаста редактор болгон.

Жазуучунун калеминен "Кең-Суу", "Тоо балдары", "Тоо арасында, "Темир", "Батийна", "Биздин замандын кишилери", "Курбулар", "Ыманбай пейили", "Жол" романдары, "Көкөй кести", "Баатырлар", "Ашууда" жана башка көптөгөн чыгармалар жаралган.

Жазуучу Сыдыкбеков Пушкиндин, Некрасовдун, Бедныйдын, Чеховдун, Серафимовичтин, Шолоховдун чыгармаларын кыргызчага которгон.

Түгөлбай Сыдыкбековдун «Люди наших дней» деп аталган романына 1947-жылы 3-даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин көп медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Эгемен Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Эл Баатыры” наамын биринчиден болуп алган.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: