super.kg logo

УКМК Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргыз жаранына иш козгоду

 

УКМК Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдарды активдүү жарыялаган социалдык тармактагы баракчаны аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, көрсөтүлгөн аккаунттун ээси К.у.А. аттуу Кыргыз жараны болгону такталган.

"К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.

Учурда алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

УКМК Кыргыз жарандарына өлкө чегинен тышкары куралдуу операцияларга катышууда мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертет.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: