Элчилик Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты

Анын айтымында, элчилик ага аскердик иш-аракеттерге катышпоо жөнүндө бир нече ирет эскерткен.
"Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен.
Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү белгилүүболгон. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген", - деп жазды элчи.
Ошондой эле элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз жарандары тууралуу кабардар экени маалымдалды.
Маалымат үчүн: УКМК Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргыз жаранына иш козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.