Индияда буудайды экспорт кылууга тыюу салынды
Индияда буудайды экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Индия бийлигинин маалыматына таянып жазышты.
Басылмалар жазгандай, мындай чаралар өлкөнүн жалпы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүүдө.
"Мындай чечим көптөгөн факторлор менен шартталган буудайга дүйнөлүк баанын кескин көтөрүлүшүн эске алуу менен ички баалардын өсүшүн көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын алкагында кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
Индия 2022-жылдын апрель айында 1,2 миллион тонна буудай экспорттогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-07-15

0:26
2025-07-15

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.