super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Мындан 112 жыл мурун Жоомарт Бөкөнбаев жарык дүйнөгө келген

 

Атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. Жоомарт Бөкөнбаев 1726-1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жылдары Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуган. Эмгек жолун 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935-1941-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору болуп иштеген.

Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, "Мекен үчүн алга" дивизиялык гезиттин редактору болуп калат. Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин "Жер алган кедейлерге" аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. Ал эми 1933-жылы "Эмгек төлү" аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн "Алтын кыз" поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Жоомарт Бөкөнбаев "Семетей" пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, "Айчүрөк" жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу.
"Алтын кыз" поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал ошондой эле көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору. Жоомарт Бөкөнбаев Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун жана башка чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Акын 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ал "Ардак белгиси" ордени менен сыйланган. 1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш-сапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.

Менин каным

Каным – ташкын, азоо ээ-жаа бербеген,
Каным – үмүт, көккө колду сермеген.
Каным – кайрат, көздөгөнүн ала алат,
Каным – чынчыл, калп-карага көнбөгөн.

Каным – адил, ага-буга берилбейт,
Каным – шыктуу, эмгек кылат, эринбейт,
Каным – тапчыл, өз табымды сүйөмүн,
Каным – таза, маңгиликке чирибейт.

Каным – баатыр, эмгекчи үчүн төгүлөт,
Каным – жарык, теңдик жерге себилет.
Менин каным – заводдогу жумушчу,
Мен да кылам колум кысып жумушту.

Калемге

Көңүлдүн ачып пардасын,
Күкүктөй күүң сайрасын!
Деңиздей ташып,
Кайратың ашып,
Жаранын тапсын айласын.
Балкасын соккон баатырдын,
Кайратын мактап ашыргын.
Адымдап басып, кызыл чок чачып,
Эскини кууп качыргын!

Менин ырым

Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат,
Толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?
Күндүр-түндүр кубулжуган үн менен,
Булбул добуш кимди мактап күү чалат?

Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!

16-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: