super.kg logo

Салык кызматы товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлорго эскертти

 

Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы жүргүзүлгөн талдоонун жана мониторингдин, ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан электрондук эсеп-фактуралардын колдонулбаган, атап айтканда субъектке – сатып алуучуга товарларды жеткирүүдө басып чыгарылган ЭЭФ берилбеген фактыларды аныктады.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ири жеткирүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) берүү тартиби жөнүндө эскертет.

"ЭЭФ" маалыматтык системасында катталган жеткирүүчү эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык, ЭЭФтин электрондук документ жүгүртүүсүнүн катышуучусу катары системада катталбаган сатып алуучуга электрондук эсеп-фактураны тариздейт.

Алсак, электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө жана сатып алуучуга ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.

Салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчү ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурда калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана иштерди аткарууда эсеп-фактураны тариздебей коюуга укуктуу.

Салык төлөөчү товарларды жеткирүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө эсеп-фактура мурунку айдан кийинки айдын 10 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бирдиктүү эсеп-фактура менен таризделет.

Товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактура Кыргыз Республикасынын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш.

Кененирээк маалыматты Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын "Электрондук эсеп-фактура" бөлүгүнөн алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: