super.kg logo

Бишкекте 7 дубандан келген энелер жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

 

15-майда энелер күнүнө арналган майрамдын урматына борбор калаада өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап Горький сейил багына чейин басышкан, сейил бакта концерттик программа, мастер-класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулган. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да куттуктоо сөз сүйлөп, чың ден соолук, бакубат жашоо каалаган.

Бул иш-чара «Кыргызстан пенсионерлер партиясынын» демилгеси менен Биринчи май муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» ишканасынын колдоосунда уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: