super.kg logo

"Чет өлкөгө качкан жокмун, иш сапардамын". Алымкадыр Бейшеналиев кайрылуу жасады

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев акыркы кырдаалга байланыштуу расмий кайрылуу жасады. Министр колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Жети-Өгүздөгү пара алуу боюнча атайын уюштурулган окуядан кийин колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга ыраазымын. Медицина бизнесиндеги "куратор" аталгандар катаал жана өтө пас кадамдарды жасай турганы күтүлүп жаткан. Менин кесиптеш айымдар менен чогуу түшкөн сүрөттөрүмдү жарыялоого чейин төмөн түшүп кетишти. Медицина тармагында көптөгөн айымдар иштей турганын белгилеп өтөйүн. Мен бардык айымдарды сулуу деп эсептейм жана аларга сый мамиле жасайм. Бирок бул кызматтык роман, кызматтык интрига дегендик эмес. Менин кесиптештерим атайын даярдалган пара алуу сценарийин ишке ашыра албай койгону саламаттыкты сактоо тармагын иретке келтирүү багытында жасап жаткан аракеттерим туура экенинен, жарандар жана кызматкерлер тарабынан дагы колдоого алынып жатканын билдирет.

Саламаттыкты сактоонун негизги максаты - калкты профилактикадан өткөрүү, ден соолугун сактоо. 30 жыл аралыгында бул тармак чоң кыйроого учурап, медицинада бейтаптардан, адам өмүрүнөн пайда көрүү негизги багыт болуп калды.

Албетте, менин кадыр-баркымды кетирүү үчүн медайымдардын кесиптик майрамын пайдалануу өкүнүчтүү болду. Алар бул күндү күтүп майрамга даярданып жатышкан. Бул мени бардык аракеттер менен кызматтан чететтетүүгө кызыкдар болгон жактардын принциптери жоктугунан кабар берет. Бирок бул окуя мени өз чечимдеримдин тууралыгын – саламаттыкты сактоону өлкөбүздүн жарандарынын кызматына кайтарууну жана медицина кызматкерлерине болгон сый-урматты калыбына келтирүүнү бекемдеди.

Учурда мен качкан жокмун, иш сапары боюнча чет өлкөдөмүн. Иш сапардын максаты - Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын чет өлкөлүк кесиптештердин саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбасын жана реформаларын колдонуу менен андан ары өнүктүрүү, эффективдүү тажрыйбаларды жайылтуу. Медицинабызды заманбап деңгээлге көтөрүшүбүз керек! Реформалар башталды, болуп жатат жана улана берет. А мен коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпойм", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору 100 миң 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: