super.kg logo

Таласта жансыз денеси табылган жарандын өлүмүнүн жагдайлары айтылды

 

Бүгүн, 16-майда Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан маркум бычактан алган жаракатынан улам каза болгонун кабарлады.

Бүгүн саат 07:50 чамасында милиция кызматкерлерине Талас шаардык "Тез жардам" кызматы тарабынан 1989-жылы туулган А.Н. өз үйүндө бычактан жаракат алып каза болгондугу тууралуу кабарланган.

Аталган факты электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

"Шаардык ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркумдун сөөгү өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүндө жаткандыгын жана үйдүн коридорунан мизинде канга окшош кочкул тактары бар ашкана бычагын табышкан. Каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эксперттин катышуусунда денеге сырткы кароо жүргүзүлүп, тытылган жаракаттары бар экендиги жана төшүнүн сол жагында, тактап айтканда, жүрөк тушка учтуу курч нерсе менен сайылгандыгы белгилүү болду. Бул окуя боюнча 122-берененин 1-бөлүгүндө каралган "Адам өлтүрүү" фактысы менен кылмыш иши козголду.
Кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук эскпертизалар дайындалып, багыттама жана тапшырмалар берилди. Кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: