super.kg logo

Мэрия мектептин дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялады

 

Мэрия мектептин дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялады. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Урматтуу шаардыктар, стрит-арт адистери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү! Имараттардын фасаддарын оңдоонун алкагында Биринчи май районунун администрациясы №54 мектептин (Фучик, 76) сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялайт.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бир аз каражат бөлүүгө даяр демөөрчүлөрдү издеп жатабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сынакка Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча Андрей Кончаловскийдин картинасынын түстүү жана ак-кара түстөгү дизайн иштеринин долбоорлору кабыл алынат.

Тематикалык багыт: бул тасманын башкы ролдору Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин образын жаратышат.

Сынакка катышуу акысыз, арыздар orgotdelpra@mail.ru электрондук почта аркылуу "Сынакка" деген бөлүмчөнү белгилөө менен эскизи кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы 1-июнга чейин чыгарылат. Сыйлык катары жеңүүчү өз атын көркөм чыгармага жазып, борборубузга из калтыра алат.
Шаардыктар да, чыгармачыл топтор да өз идеяларын ишке ашырып, мурал искусствосун жаратуу үчүн чыгармачылык долбоорлорду сунуштай алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: