super.kg logo

100 миң сом сүйүнчү. Президенттин өкүлү Ошто төрөлгөн төрт эмдин ата-энесин куттуктады

 
Ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 100 миң сом сүйүнчү берди. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 17-майда Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди.
Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм (эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн.
Учурда ымыркайлардын, энесинин абалы жакшы жана үйүнө чыгарылды. Алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: