super.kg logo

Айгерим Расул кызы Москвага атайын барып клип тарттырды

 

Ырчы Айгерим Расул кызы "Кабарыңды айтпадың" ырына Москвада клип тарттырып келди. Клип фэнтези жанрында тартылганы ырчы менен кабарлашканыбызда маалым болду.

Айтымында, клиптин идеясы, сценарийи өзүнө таандык.

"Клипти Москва шаарында тарталы деп атайын барып, 3 күндө тарттык. Анда токой айбанаттарын - карышкыр, түлкү, аюу жана башкаларды да тарттык. Мен жаныбарларга жакын болгондуктан тартуу иштери учурунда корккон жокмун. Айбанаттар дагы адамды сезет экен, качкан жок. Ошондой эле тартуу иштери Москвадагы студияларда да болду. Баарын алдын ала пландагам, баргандан кийин менеджерлерим убактыларын такташып жатышты. Образ үчүн кийген көйнөктөрүм орус дизайнерлериники, андан тышкары Арзубек Вонама тигип берген көйнөктү кийдим.

Шоу-бизнеске жаңылык киргизейин деп биринчилерден болуп фэнтези жанрында клип тарттырдым. Клипти белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков тартты", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: