Бишкекте адашып кеткен наристенин жакындарын табышууга милиция жардам сурайт
Бишкекте болжол менен 2-3 жашар наристе адашып кетти. Милиция кызматкерлери баланын ата-энесин, жакындарын табышууга жардам сурайт.
Ленин РИИБдин маалымат кызматынан белгилешкендей, наристе бүгүн, 17-майда саат 12:00 чамасында Москва жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен тургундар тарабынан табылган. Болжол менен 2-3 жашта. Милиция кызматкерлери наристенин ата-энесинин жашаган жерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Эгерде сүрөттөгү наристени таанып, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0312352947, 0312654494, 0555102149, 0502149149 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.