super.kg logo

Маданият министри музей кызматкерлерин эл аралык музей күнү менен куттуктады

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри музей кызматкерлерин эл аралык музей күнү менен куттуктады.

Билдирүү министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды.

“Урматтуу музей кызматкерлери жана музей сүйүүчүлөрү.

18-май эл аралык музей күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Майрамдык маанайда ар бириңиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана жаратмандык ишиңиздерге ийгиликтерди тилейм.

Музей - бул тарыхый, маданий-эстетикалык эстеликтердин, мурастардын, баа жеткис байлыктардын чордону. Андагы ар бир экспонат табылгыс таберик катары бааланып, кылдат мамилени талап кылары бышык. Музей дубалдары табылган тарыхый табылгага жан берүү касиетине ээ. Ал тазалануунун, жаңылануунун, өнүгүүнүн үйү. Андагы сыйкырдуу атмосфера улуу муундун ыраазычылыгы, орто муунду чыйралтуу, кенже муунду шыктандыруу кызматын көмүскө аткарат. Музей мекемелерине бай өлкө өз коомунун эстетикалык деңгээлинин бийиктигинен сөз кыла алары анык.

Республикалык масштабда бардык музей фонддорун байытуу, аларды санариптөө жана жаңы музей мекемелерин уюштуруу сыяктуу комплекстүү жоопкер тапшырмалар алдыбызда. Аталган мекемелердин өлкө тарыхы жана келечеги үчүн алмашкыс маани- маңызын белгилөө менен сиздердин жардамыңыздар жана бирдиктүү иш аракетибиз аркылуу ыйык максаттарыбызды ишке ашыраарыбызга чын дилимден ишенем!

Дагы бир ирет баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Мекен урматына бет алган орток максаттарда бир бололу», - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: