super.kg logo

"Буга чейин туулган күнүмдө 30 киши чакырып той кылчумун" дейт 33 жашка чыккан ырчы Азалия Дүйшөналиева

 

Бүгүн, 18-майда ырчы Азалия Дүйшөналиева 33 жашка толду. Жакында эне статусун алган ырчы менен байланышканыбызда, бул ирет туулган күнү өзгөчө болуп жатканын айтат.

"Бул туулган күнүм мен үчүн өзгөчө. Кучагымда кызым бар, сүйүктүү жолдошум жанымда. Кызымдын жытына мас болуп эле жатабыз. Буга чейин туулган күнүмдө 30 киши чакырып той кылсам, эми ал нерсенин да кереги жок. Кичинекей үй-бүлөмдүн курчоосунда майрам болуп жатат. Азыр үйдөбүз. Жолдошум "белек берем, өзүң танда" деп жатат. Зер буюм алып берет окшойт. Андан кийин сейилдеп келебиз", - дейт ырчы.

Азалия Дүйшөналиева 1989-жылы Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы Сайкал Садыбакасова менен таанышып, андан соң "Кыз-Бурак" тобунда ырдап калганын айтканы бар. 2017-жылдан бери жеке ырчы катары ырдап жүрөт.

Ал эл аралык сулуулар сынагына да катышкан. Тагыраагы, Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сынагына, Египетте өткөн "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышкан. Репертуарында "Жаным ай", "Өмүр белеги", "Жаныңда", "Алыстадым" аттуу ырлары бар.

2021-жылы сүйүктүүсү Данияр мырзага турмушка чыккан. Алар Түркиядан баш кошушкан. Ушул жылдын 9-майында түгөйлөр Алия аттуу кыздуу болушту.

18-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: