Быйыл акыркы коңгуроо 9-июнда болот

Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Министрликтин билдирүүсүндө бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 8-июнда аяктаары белгиленди.
"Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 22-июнга чейин, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 23-июнга чейин өткөрүлүүгө тийиш", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми мамлекеттик сынактар:
* 9-класстар үчүн - 11-июнь, 14-июнь, 17-июнь, 20-июнь;
* 11-класстар үчүн - 11-июнь, 14-июнь, 17-июнь, 20-июнда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.