super.kg logo

Өлкөдө лицензиялык талапка жооп бербеген 111 жеке клиника жабылат

 
Лицензиялык талапка жооп бербеген 111 жеке клиника жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 427 буйругу менен жеке медициналык уюмдардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Республика боюнча бардыгы болуп 370 клиника текшерүүдөн өттү. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 жеке клиниканы жабуу актысы түзүлдү.
Инфекциялык көзөмөл стандарттарын сактабаганы үчүн 148 жеке клиникага жаза чаралары көрүлөт. Чара көрүү боюнча көрсөтмө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: