"Башка жерге көчүрүү керек". Бишкектеги гезит сатуучу күркөлөрдүн ээлерине департамент жооп берди
Гезит сатуучу күркөлөрдүн ээлерине кысым болуп жатат деген билдирүү боюнча Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти SUPER.KG порталына жооп берди.
"Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Бишкек шаарынын 4 муниципалдык башкармалыгынан Бишкек шаарынын аймагында шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу максатында каттар келип түшкөн. Анда борбор калаанын аймагын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү, иштеп жаткан имараттардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча маселелер каралган.
Жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №5 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын менчигиндеги жеңил салмактагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобого ылайык, 288-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Бишкек шаарынын муниципалитетинин менчигиндеги жеңил салмактагы объектилерге жер участокторуна ижарага укук берүү боюнча комиссиянын күн тартибинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн гезит күркөлөрүн ижарага берүү келишимдерин бузуу маселеси каралган. Бардык гезит күркөлөрү боюнча «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан объектилерди башка жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алынган", - деп жазылат маалыматта.
Жыйынтыгында комиссия төмөнкүдөй чечимди кабыл алды:
№ |
Район |
Жалпы саны |
Узартуудан баш тарткандар |
Токтотулган ижара келишими
|
1 |
Ленин району |
13 |
7 |
6 |
2 |
Октябрь району |
9 |
1 |
8 |
3 |
Свердлов району |
20 |
11 |
9 |
4 |
Биринчи Май району |
33 |
15 |
18 |
Жалпы: |
75 |
34 |
41 |
Эскерте кетсек, SUPER.KG порталына гезит-журналдар ассоциациясынын мүчөсү Чынара Мырзабаева маек берип, анда борбор калаадагы гезит сатуучу күркөлөрдүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп жатканын кабарлаган.


