Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиядагы кургак учук кызматтарына барды




Учурда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германияда иш сапары менен жүрөт. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Алымкадыр Бейшеналиев аталган өлкөнүн бир нече шаарларындагы кургак учук борборлору менен таанышып чыкты.
Иш сапар 16-20-майга чейин уланат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан делегациялары катышты. Иш-чаранын катышуучулары микробиология жана лабораториялык медицина институтунда лабораторияларды башкаруу практикасы, үлгүлөрдүн логистикалык системасы жана лабораториялык маалымат тутумунун иштеши менен тааныша алышты.
"Кыргызстан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте кургак учук менен күрөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Өлүм азайып, дарылоонун ийгилиги жогорулады. USAID'дин техникалык колдоосу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун ар кандай бөлүктөрүнүн ортосундагы жардамды координациялоону жакшыртууга жана кургак учук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди.
Эл аралык донорлорго өлүмгө алып келген жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, - деди Бейшеналиев.


