Адабиятчы Бишкектеги панного коюлган QR коддун тактасына сүрөтчүнүн ысымы туура эмес жазылганын айтты









Белгилүү сүрөтчүнүн ысымы паннонун алдына орнотулган QR коддун тактасына туура эмес жазылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына белгилүү адабиятчы Эсентур Кылычев билдирди.
“Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Ажыбек баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги панного коюлган QR коддун тактасына Кыргыз эл сүрөтчүсү Андрей Михалевдин ысымын Александр Михалев деп туура эмес жазышкан. Бирок QR код менен кирген учурда ысымы туура жазылып турат. Аталган паннонун автору – Андрей Михалев. Ал аба майданынан келе жаткан меймандарды тосуп алуу үчүн курулган (ред.: Азыркы "Манас" университеттин орду аэропорт болгон). Бул жердеги негизги ой - элдердин достугу. Сүрөттө аксакал Кыргыз жергесине келген меймандарын тосуп алып жатат. Ошол эле учурда паннонун оң жагында кыргыздардын Орусияга кошулган 100 жылдыгы 1863-1963 деп жазылып турат. Эстеликтердин алдына QR коддун коюлганы жакшы. Бирок бул ишти ким колго алса дагы автордун ысымы туура жазылыш керек эле. QR коддун тактасын алмаштыруу зарыл. Аталган паннонун алдына Бишкек шаардык мэриянын алдындагы “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы гүл отургузуп, көңүл бурса жакшы болмок. Антпесе паннонун алды такыр болуп, шаардын көркүн бузууда”, – деди Эсентур Кылычев.
Кыргыз эл сүрөтчүсү, график Андрей Михалев 1910-жылы Төмөнкү Новгород шаарында туулган. Москва сүрөт институтунан билим алган. 1939-жылдан тарта Кыргызстанда жашап, чыгармаларын жараткан. Ал Фрунзе сүрөт окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз ССР эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүнүн башкы сүрөтчүсү болуп эмгектенген. Сүрөтчүлөр союзуна мүчө болгон.
Негизги чыгармалары: “Жаңырган Ысык-Көл” (акварель, серия, 1948-49-жылдар), “Волга-Дон каналынын курулушу” (акварель, серия, 1952-жыл), “Рыбачьедеги эски көчө” (1956-жыл), “Өспүрүмдүн бир күнү” (литография, 1960–61-жылдар), “Рыбачьедеги түн” (1960-жыл), “Ак алтын өлкөсү” (1962–63-жылдар), “Спорт” (1968-жыл), “Ленин идеясынын жарыгы” (1969-жыл) жана башкалар. Михалев Кыргыз СССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


