super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорт жарнактардан тазаланат

 

Бишкекте коомдук транспорт жарнактардан тазаланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде директор Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.

Жыйынга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар коомдук транспорттун айдоочуларынын эстетикалык көрүнүшүн жана тейлөө маданиятын, коомдук транспорттордогу кырсыктарды жана кыймылдуу курамдын санитардык абалын талкуулашты.

Ошондой эле автобустарды жана троллейбустарды накталай эмес жол кире менен электрондук билетке өткөрүү маселесин көтөрүштү. Департаменттин жетекчилиги биринчи кезекте муниципалдык транспорт өткөрүлөрүн, андан кийин жеке кыймылдуу состав пландалып жатканын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдарда (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорттук ишканалардын жетекчилерине жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, атап айтканда, жүргүнчүлөрдү аялдамаларда отургузуу жана түшүрүү боюнча бригадирлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоо тапшырылды.

Мындан тышкары, бардык транспортту иретке келтирүү, 1 айдын ичинде жарнамаларды алып салуу жана аны жаңыртуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: