super.kg logo

Жетекчилигине нааразы болгон орус драма театрынын артисттери көзөмөл органдарына кайрылышты

 

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик драма театрынын артисттери Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылуу жасашты. Эмгек жамааттын кайрылуусунда театрдын директоруна, юристине жана экономистине карата текшерүү жүргүзүү өтүнүчү жазылган.

Кайрылууга кол койгон артисттер театрдын директору Евгений Кузнецов жетекчилик кызматка келгенден бери мекеме артта калып жатканын, эч кандай оңдоо иштери болбогонун айтышат. Ошондой эле кадрдык дайындоолор, айлык маселелерин да козгошту. Театр кызматкерлери көйгөйлөрү тууралуу алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жөнөтүшкөн. Көп узабай эле жетекчилик тарабынан кызматкерлерге чалуулар болуп, сүйлөшүүлөр текшерилип, басым жасала баштаган.

Кайрылууга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов, Чыңгыз Айтматов атындагы премиянын лауреаты Абдыкадыров, сахнанын чеберлери жана жогорку категориядагы актрисалар кол коюшкан.

Артисттердин кайрылуусу Башкы прокуратурага 19-майда түштү. Мекеменин басма сөз кызматынан театр кызматкерлеринин кайрылуусуна жооп берилерин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: