super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытов дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов 72 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери тарабынан белгилүү болду.

Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу болуп, чоң энесинин колунда чоңойгон. Алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап калып, кийинки жылы өзү каалаган Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине окуу үчүн барып өтпөй калган. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн төрт жыл тынымсыз аракет кылып жүрүп, өзү каалаган окуусуна өткөн. Өмүрлүк жарын дал ошол жерден таап, баш кошкон.

Өмүр бою КТРКда эмгектенип келе жаткан Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган.

SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Бактыбек Мамытовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: