super.kg logo

Таласта мектеп бүтүрүүчүлөрү менен ата-энелерге акыркы коңгуроо салтанатындагы тыюулар эскертилди

 

Талас шаарындагы 11-класстын жана 9-класстын окуучуларына, ата-энелерине милиция кызматкерлери жыйын өткөрдү. Жыйында шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан акыркы коңгуроого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 9-июнь күнү акыркы коңгуроо салтанатында окуучулар​ кафе-ресторандарга отурууга жана унааларды жалдоого тыюу салынгандыгын эскертип, ата-энелерге ​ түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынга жалпысынан 100гө жакын ​окуучу жана ​ата-энелер ​катышты. Анда мектеп окуучуларына тиешелүү нускамалар берилип, массалык эс алуулар, салтанаттуу ​ майрамдоо иш-чаралардын өтүү тартиби талкууга алынды.

Билим берүү мекемесинин кызматкерлерине алардын жоопкерчиликтери жана милдеттери айтылды. Ата-энелерге балдарына катуу көзөмөл кылып, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын болушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү. Мындай иш-чара облустун ар бир район аймактарында пландалып ишке ашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: