Бишкекте көпүрөнүн алдында жаткан снаряд боюнча милиция маалымат берди
Көпүрөнүн алдында жаткан снаряд боюнча Свердлов РИИБинин басма сөз катчысы маалымат берди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Тоголок Молдо көчөсүндөгү көпүрөнүн алдында снарядга окшош нерсе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, арыктан снаряд табылган. Ошол замат жакынкы аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, келген милиция кызматкерлери тиешелүү атайын иш-чараларды жүргүзүшкөн. Натыйжада табылган снаряд коркунучсуз экени аныкталган.
Аталган факты Свердлов РИИБине катталып, керектүү экспертизалар дайындалып, териштирүү уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.