Аксыда сел жүрүп негизги каттамдардын бири убактылуу жабылды

Аксыда сел жүрүп негизги каттамдардын бири жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 18:00дөр чамасында Аксы районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Авлетим айыл өкмөтүнүн Авлетим-Кара-Жыгач унаа жолунун 37-чакырымында (Капчыгай тилкеси) сел жүрүп жолду кум-шагылга толтурган.
Учурда жол каттамы убактылуу жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү максатында атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, кайра каттам ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.