super.kg logo

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү

 

Министрлер кабинетинин алдында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул боюнча жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн мекеме жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат.

Ошондой эле бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө салат. Агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу болуп Александр Настаев дайындалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жарандык авиация департаментиндеги штаттык, каржылык жана материалдык-техникалык каражаттарды жаңы агенттикке өткөрүп берет. Андан сырткары "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту да агенттиктин карамагында болот.

Документте бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, жарандык авиациянын уюмдарынын ишине көзөмөлдөөнү жакшыртып, калктын бардык муктаждыктарын канааттандыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн көбөйтүү каралган.

Муну менен катар Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарын, сунуштарын киргизүү жана мекеменин эксперттеринин отчётунда белгиленген кемчиликтерди жоюу да белгиленген.Ошондой эле Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иштер жасалышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: