Боомдо таш кулатуу ишине байланыштуу унаа жол бир тараптуу жабылат
Таш кулатуу ишине байланыштуу Боомдо унаа жол бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майдан тартып 27-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрөт.
Боом капчыгайында саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабылат.
“Эгер топтолгон унаалардын саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.