super.kg logo

Токиодо Кыргызстанды тааныткан концерттик иш-чара уюштурулду

 
Кыргызстандын Япониядагы элчилиги "Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү" аталышындагы концерт-ток-шоу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-майда элчилик Япониянын маданият иштери боюнча агенттиги жана "Min-on" концерттик уюму менен биргеликте Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата "Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү" концерт-ток-шоу өткөрүлдү.

Иш-чара Минато (Токио) шаарындагы Акасака коомдук борборунда өттү. Программада катышуучуларга Кыргызстан жөнүндө презентация жана салттуу бийлер менен улуттук музыкалык аспаптарда концерт тартууланды. Эң жаш жана активдүү катышуучулар "Беш ыргай" кыргыз бийин аткарууга өз аракеттерин сынап көрүшкөн.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: