super.kg logo

Москвада сабалган 11 жаштагы кызды мекенине жөнөтүү боюнча документтер даярдалууда

 

Буга чейин Москва шаарында 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы кабарланган. Аталган кырдаалды Кыргыз өлкөсүнүн Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева көзөмөлгө алганын президенттик администрациядан билдиришти.

Ушул жылдын 22-майында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек кыздын жашаган жерине барышты. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: