super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Милиция кызматкерлери башка иш боюнча тартиптик жазага тартылган"

 
Акыйкатчы институту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жазага тартылганын маалымдаган.
Кийинчерээк облустук ички иштер башкармалыгы Баткен РИИБдин кызматкерлери башка иш боюнча тартиптик жазага тартылганын кабарлады.
"Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин тапшырмасы менен атайын түзүлгөн топ Баткен РИИБдин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшерген. Анда мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарган. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен Баткен РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин нөөмөт бөлүмү жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулган.
Тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБдин кызматкерлеринин журналисттин өлүмүнө шектелип кармалган блогердин үстүнөн козголгон кылмыш ишине тиешеси жок", - дешет маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: