super.kg logo

Чет элдик инвесторлор үчүн. Бир катар мыйзамдар, укуктук актылар англис тилине которулат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосун даярдоону тапшырды.

Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет дешет министрлер кабинетинен.

Чечимге ылайык, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдар жана инвестиция жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.

Документтер которулгандан кийин тексттер министрлер кабинети тарабынан таанылган расмий котормо катары бекитилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: