Тажикстанда "Маңкурт" спектаклин көрсөтүүгө тыюу салынды

Маалыматка ылайык, аталган спектакль 20-май күнү саат 18:00дө көрсөтүлмөк.
Театр жетекчилиги көрүүчүлөргө спектакль коюуга жогору жактан тыюу салынганын, билет алгандар акчасын кайтарып ала алышарын айтышкан. Спектаклге кайсы ведомство тыюу салганын театрдан айтышкан эмес.
21-майда Тажикстандын Маданият министрлиги жергиликтүү радиолордун бирине алар спектакль коёрдун алдында көркөм кеңеш менен премьераны макулдашып алууну гана суранышкандыгын билдирген.
Башкармалык ошондой эле мындай тартип бардыгына тиешелүү экенин белгилеген.
Ал эми чыгарманын автору, режиссёр Барзу Абдураззаков бул жагдай боюнча маалымат каражаттарына комментарий берген жок, бирок Фейсбук баракчасына: "Менин жердештерим, досторум! Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде чагылдырылган "Маңкурт" спектакли коюлбайт. Мен себептерди билбейм, тагыраак айтканда, билем бирок мен "мезгилсиз" ой жүгүртүүгө баргым келбейт. Анекдотто айтылгандай, "Эмнени жазам? Ансыз деле баары түшүнүктүү", - деп жазган.
Ал ошондой эле "Маңкурт" спектаклин көрсөтүүгө тыюу салуу аны капа кылганын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.