super.kg logo

270 метр. Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

 

Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан 20-майда Кара-Суу районунун Тельман айылында "Тинтүү" ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында эки өлкөнү байланыштырган тоннель аныкталган.

"Тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээси М.А.М. учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда. Учурда кылмышка тиешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: