super.kg logo

"Алдын ала пландагыла!". 26-майда Бишкекте бир нече көчөлөр жабылат (тизме)

 

26-май күнү Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү үчүн бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

26-майда Бишкектеги төмөнкү көчөлөр жабылат: 1. Фучик - Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Жаш Гвардия бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү;

3. Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

4. Манас көчөсү менен түштүк багытты көздөй Чүй көчөсүнөн тартып "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;

Жогоруда көрсөтүлгөн жолдордон сырткары ага жакын жайгашкан жолдор кошумча багыт иретинде жабылышы мүмкүн.

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарынан жол эрежени так сактоону өтүнөт жана маршруттук кыймылды алдын ала пландап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: