super.kg logo

Өлкөдө фермер, дыйкандарга 3 жарым миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди

 

"Айыл чарбасын каржылоо-10" долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 миллиард 155,1 миллион сомго, ал эми 241,4 миллион сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытында күрөө коюлган шартта 868,8 миллион сом суммасында 1840 насыя, 128,7 миллион сомго күрөөсүз 640 насыя берилди.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 миллиард 881,6 миллион сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 миллион сомго 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 миллион сом суммасында 145 насыя таратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: