"23 жашта болгон". Элчилик Москвада кран басып калып каза болгон Кыргыз жараны тууралуу билдирүү жасады
Москва шаарында кран басып калып каза болгон Кыргыз жараны 23 жашта болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Элчиликтин кызматкери Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу Кыргызстандын жараны каза болгон жерге барды. Элчилик Орусиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргыз жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду. Элчилик каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул окуя элчиликтин көзөмөлүнө алынды", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 23-майда Москвадагы Анна Ахматова көчөсүндө кран кулап, анын кесепетинен бир Кыргыз жараны окуя болгон жерде каза болсо, дагы бири ооруканага жеткирилгендиги кабарланган.


