super.kg logo

"Жеңүүчүлөр Дубайга жолдомо алышты". Баткенде окуучулар арасында билим таймашы өттү

 

Баткенде мектеп окуучулары арасында билим таймашы өтүп, окуучулар Дубайга жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Жумабай Акимов кабарлады.

"21-майда Баткен облусу боюнча 10-11-класстын окуучуларынын арасында "Окурман окуучу" аттуу китеп окуу сынагы өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести жана Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы боюнча тапшырмалар берилди. Аталган сынакка 249 мектептен 3 миңден ашык окуучу катышты.

Бул саамалык Кадамжай "Семетей" лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп жана каржыланды. Билим таймашынын байге фонду 850 миң сомду түздү. Өкмөт тараптан да көңүл бурулуп, сынакты уюштурууга президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү көмөктөштү. Сынак Лейлек, Баткен, Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында өтүп, ар бир аймактан биринчиликти алган окуучуга Дубайга жолдомо берилди. Бул өңдүү иш-чаралар көп уюштурулса окуучулар үчүн чоң мотивация болмок. Мен билим берүүгө көңүл бурчу мезгил келди деп ойлойм", - деди ал.

Кошумчалай кетсек, бешинчи жолдомо облустун мыкты мугалими деп табылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго ыйгарылды. Мындан сырткары башка алдыңкы орунду алган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: