Ири суммадагы насыя алып берүүнү убадалаган. Бишкекте 19 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелүүдө

Маалым болгондой, 18-майда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 20-апрелде Д. аттуу адам 850 миң сом насыя алып берүүгө жардам берерин убадалап, алдын ала 31 миң 500 сом акча алып изин жашырып кеткени айтылган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Д. кармалып, Октябрь райондук соту тарабынан СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар, жогун тактоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(559) 085-959, 0(702) 169-999 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.