super.kg logo

Сузакта ата-энелер бүтүрүү кечелерин уюштурбоону кубатташты

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук зомбулукка жол бербөө, эрте никеге турууну жоюу жана сууга чөгүп кетүү учурларды болтурбоо, жол эрежелерин сактоо боюнча жыйындарды өткөрүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында эрте никеге туруу боюнча маселе каралып, ушул багытта жана өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

Бул жолу окуучулар жана мугалимдер менен кошо ата-энелер да чакыртылып, бүтүрүүчү класстарга коштошуу кечелерин өткөрбөө, өз алдынча ата-энесинин коштоосу жок жаратылышка чыкпоо, унааларды айдап чыгып кырсыктарга кабылып калбоонун алдын алуу максатында эскертүү иштерин жүргүзүштү. Ата-энелер бул сунуш, эскертүүлөрдү кубаттап, балдарга тыкыр көзөмөл болорун айтышты.

Андан тышкары "Өспүрүм түн" аталышындагы ыкчам иш-чара өткөрүлүп, натыйжада 21 өспүрүм ата-энесинин коштоосу жок жүргөндүгү аныкталды.

Андан сырткары Көк-Арт дарыясы агып өткөн аймактарда, көлмөлөрү бар айылдарда сууга чөгүүнүн алдын алуу максатында Сузак РИИБи тарабынан атайын эскертүүлөр даярдалып, сууга түшүү кооптуу болгон аймактарга эскертүүлөр илинип, эл арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: