super.kg logo

Сот Гүлзат Мамытбекке чечим чыгарды

 

Блогер Гүлзат Мамытбекке Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды. Анда сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап 3 жылга пробациялык мөөнөткө ( үй камагы) кесилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына блогердин апасы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулган.

"24-майда соттук отурум жыйынтыкталды. Анда блогер "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазаны өтөөдөн бошотулду", - деп жазылат соттун чечиминде.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: